# 85-берене. Жеке коргоо жана жарандарды куткаруу каражаттарына коюлуучу талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-85>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-85.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 85-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-85

---

1. Өрт учурунда жеке коргоо жана жарандарды куткаруу каражаттары эвакуациянын коопсуздугун жана адамдардын өзүн-өзү сактап калышын камсыз кылууга тийиш. Бул учурда ушул функциялардын аткарылышынын камсыз болуу деңгээли механикалык жана климаттык таасирлерге туруктуулугунун көрсөткүчтөрү, өрт учурунда адамдарды түтүн болгон жайдан эвакуациялоодо жана ар кандай арналыштагы имараттар менен курулмалардан бийиктик деңгээлдеринен куткарууда аларды күйүүнүн уулуу продуктуларынан коргоону камсыз кылуучу эргономикалык жана коргоочу көрсөткүчтөрү менен мүнөздөлөт.

Өрт учурунда жеке коргоо жана жарандарды куткаруу каражаттарын конструкциясы боюнча колдонууда ишенимдүү жана жөнөкөй болууга жана ар кандай адамдын аларды алдын ала даярдыксыз колдоно алуусуна мүмкүндүк берүүгө тийиш.

2. Жеке коргоо каражаттарынын колдонуу жааты, функциялык арналышы, техникалык мүнөздөмөлөрү жана коопсуздук талаптары тийиштүү техникалык регламенттер менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [84-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-84)  
Кийинки берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-86)
