85-берене. Жеке коргоо жана жарандарды куткаруу каражаттарына коюлуучу талаптар
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 24-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Өрт учурунда жеке коргоо жана жарандарды куткаруу каражаттары эвакуациянын коопсуздугун жана адамдардын өзүн-өзү сактап калышын камсыз кылууга тийиш. Бул учурда ушул функциялардын аткарылышынын камсыз болуу деңгээли механикалык жана климаттык таасирлерге туруктуулугунун көрсөткүчтөрү, өрт учурунда адамдарды түтүн болгон жайдан эвакуациялоодо жана ар кандай арналыштагы имараттар менен курулмалардан бийиктик деңгээлдеринен куткарууда аларды күйүүнүн уулуу продуктуларынан коргоону камсыз кылуучу эргономикалык жана коргоочу көрсөткүчтөрү менен мүнөздөлөт.
Өрт учурунда жеке коргоо жана жарандарды куткаруу каражаттарын конструкциясы боюнча колдонууда ишенимдүү жана жөнөкөй болууга жана ар кандай адамдын аларды алдын ала даярдыксыз колдоно алуусуна мүмкүндүк берүүгө тийиш.
2. Жеке коргоо каражаттарынын колдонуу жааты, функциялык арналышы, техникалык мүнөздөмөлөрү жана коопсуздук талаптары тийиштүү техникалык регламенттер менен аныкталат.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
85-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-85" title="85-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>