# 81-берене. Өрт өчүрүүчүлөрдүн дем алуу жана көрүү органдарын жеке коргоо каражаттарына коюлуучу талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-81>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-81.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 81-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-81

---

1. Өрт өчүрүүчүлөрдүн дем алуу жана көрүү органдарын жеке коргоо каражаттары дем алууга жарамсыз жана көздүн былжыр челин дүүлүктүрүүчү чөйрөдө иштегенде өрт өчүрүүчүлөрдү коргоону камсыз кылууга тийиш.

2. Дем алуу жана көрүү органдарын жеке коргоо каражаттары механикалык жана климаттык таасирлерге туруктуулук көрсөткүчтөрү, маанилери өрттө авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү, адамдарды куткаруу жана өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгегинин коопсуз шарттарын камсыз кылуу тактикасына ылайык аныкталуучу эргономикалык көрсөткүчтөрү менен мүнөздөлүүгө тийиш.

3. Кысылган абасы бар дем алуу аппараттары бет каптын алдындагы боштукта адамдын дем алуу процессинде ашыкча басымдын кармалып турушун камсыз кылууга тийиш.

4. Кысылган абасы бар дем алуу аппараттарынын коргоо мезгили (өпкөдө абанын айлануусу 30 л/мүнөт болгондо) 1 сааттан, кычкылтектик-изоляциялоочу аппараттардыкы 4 сааттан кем болбоого тийиш.

5. Өрт өчүрүүчүлөрдүн дем алуу органдарын жеке коргоо каражаттарынын конструкциялык аткарылышы дем алуучу аралашмасы бар баллонду жана регенерациялык патронду тез алмаштырууну (атайы аспаптарды колдонбостон) кароого тийиш.

6. Өрт өчүрүүчүлөрдүн дем алуу жана көрүү органдарын жеке коргоо каражаттарын колдонуу, техникалык тейлөө жана оңдоо өрт өчүргүчтөрдүн эмгегинин коопсуздугун камсыз кылуу зарылдыгына ылайык жүзөгө ашырылат.

7. Өрт өчүрүүчүлөрдү коргоо үчүн дем алуу органдарынын чыпкалоочу таасириндеги жеке коргоо каражаттарын колдонууга тыюу салынат.

8. Кычкылтектик дем алуу аппараттарын жогорку жылуулуктун таасиринен коргоочу атайын кийимдер жана изоляциялоочу типтеги атайын кийимдер менен бир комплектте колдонууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-80)  
Кийинки берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-82)
