# 74-берене. Өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолоруна коюлуучу талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 74-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-74

---

1. Өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолору күйүү процессинин келип чыгышына жана күчөөсүнө тоскоол болуучу шарттарды түзүү максатында от өчүрүүчү заттарды көлөмдүк же үстүнө жиберүү ыкмасы менен өрт өчүрүүнү камсыз кылууга тийиш.

2. Өрттү көлөмдүк ыкма менен өчүрүү корголуучу объекттин (имараттар менен курулмалардын) бүткүл көлөмүндө күйүүгө өбөлгө болбой турган чөйрөнү түзүүнү камсыз кылууга тийиш.

3. Үстүнө жиберүү жолу менен өрт өчүрүү от өчүрүүчү заттарды корголуучу аянтка жиберүү жолу менен күйүү процессин жоюуну камсыз кылууга тийиш.

4. Өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолорунун иштеши имараттар менен курулмаларда жана ачык аянтчаларда өрттүн пайда болушуна жана (же) күйүүчү материалдардын жарылуусуна алып келбөөгө тийиш.

5. Башка талаптар ушул продукцияга тиешелүү стандарттар менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-73)  
Кийинки берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-75)
