# 73-берене. Өрт сигналдарынын автоматтык орнотмолоруна коюлуучу талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-73>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-73.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 73-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-73

---

1. Өрт сигналдарынын автоматтык орнотмолорунун техникалык каражаттары бири бири менен, ошондой эле алар менен бирдикте аракеттенүүчү башка техникалык каражаттар менен электрдик жана маалыматтык шайкештикти камсыз кылууга тийиш.

2. Өрт сигналдарынын автоматтык орнотмолорунун техникалык каражаттарынын ортосундагы байланыш линиясы өрт болуп жатканда өрттү табуу, эвакуация жана эвакуациянын мезгилинде, ошондой эле башка техникалык каражаттарды башкарууга зарыл убакыт жөнүндө сигнал берүүгө зарыл болгон мезгил ичинде алардын иштешин камсыз кылууга эсептелип аткарылууга тийиш.

3. Өрт сигналдарынын автоматтык орнотмолорунун өрт жабдууларын башкаруу приборлору башкарылуучу жабдуунун тибине жана белгилүү объекттин талаптарына ылайык башкаруу принцибин камсыз кылууга тийиш.

4. Өрт сигналдарынын автоматтык орнотмолорунун техникалык каражаттары алар өз функциясын аткарып жаткан мезгилде электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз болууга тийиш.

5. Өрт сигналдарынын автоматтык орнотмолорунун техникалык каражаттары корголуучу объект үчүн мүнөздүү болгон жол берилген чектик деңгээлдеги электр-магниттик кедергилердин таасирине туруктуу болууга тийиш, бул учурда алар электр-магниттик кедергилер менен корголуучу объекттеги техникалык каражаттарга терс таасир тийгизбөөгө тийиш.

---

Мурунку берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-72)  
Кийинки берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-74)
