70-берене. Өндүрүш объекттеринде өрттүн таралышын чектөөгө коюлуучу талаптар
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 20-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Имараттар менен курулмалардын, кампалардан имараттар менен курулмаларга чейинки, кампалардын, технологиялык ачык орнотмолордун, агрегаттар менен жабдуулардын ортосундагы, ошондой эле алардан имараттар менен курулмаларга чейинки, күйүүчү газдар үчүн газгольдерлерден өндүрүш объектинин аймагындагы имараттар менен курулмаларга чейинки аралыктар имараттардын отко туруктуулук деңгээлине, жарылуу жана өрт коркунучунун категориясына жана башка мүнөздөмөлөрүнө жараша өрттүн бир имараттан же курулмадан башкасына өтүү мүмкүнчүлүгүн четтетүүгө тийиш.
Өндүрүш объекттеринин резервуар парктары же өзүнчө турган мунай продукттар, суюлтулган газ, уулу заттар резервуарлары өндүрүш объекттеринин имараттары менен курулмаларына караганда кыйла төмөн жайгаштырылууга жана күйбөй турган материалдардан салынган туташ дубал менен же топурак жал менен (жердин рельефи эске алынуу менен) тосулууга тийиш. Аталган курулмалар бийик жерлерде жайгашкан болсо, жер үстүндөгү резервуарларда авария болгон учурда төгүлгөн күйүүчү суюктуктардын тосуучу курулмалардын чегинен өтүп кетүү мүмкүнчүлүгүн алдын алуу үчүн кошумча чаралар каралууга тийиш. Күйүүчү суюктуктар менен газдардын сырткы тармактарын өндүрүш объекттеринин имараттары менен курулмаларынын алдында жайгаштырууга жол берилбейт. Идиштеги мунай продуктуларын сактоонун өндүрүштүк объекттердин аянттарынын периметри боюнча туюк жал же күйбөй турган материалдардан тосмо дубал салуу каралууга тийиш. Мындан сырткары, жерди туюк жал же күйбөй турган материалдардан салынган тосмо дубал жер үстүндөгү резервуарлардын ар бир тобунун периметри боюнча каралууга жана төгүлүүчү суюктуктун гидростатикалык басымына эсептелүүгө тийиш. Жер үстүндөгү резервуарлардын бир тобунун чегиндеги көлөмү 20000 куб.м же андан көп болгон ар бир кийинки резервуар же көлөмдөрүнүн жалпы суммасы 20000 куб.м болгон кичине резервуарлардын тобу туюк жал же күйбөй турган материалдардан салынган тосмо дубал менен төмөнкүдөй бөлүнүүгө тийиш:
- май жана мазут резервуары башка мунай продукттарынын резервуарларынан;
- этил кошулган бензиндер сакталуучу резервуар топтун башка резервуарларынан.
Жал менен тосулган аймактын жалдардын жантайыңкы капталдары же тосмо дубалдар пайда кылуучу курулуш жок бош жерлеринин көлөмүн топтогу эң чоң резервуардын же өзүнчө турган резервуардын номиналдык көлөмүнө барабар төгүлүүчү суюктуктун эсептелген көлөмү боюнча аныктоо керек. Резервуарлардын ар бир тобу тосулуучу жалдардын жана тосмо дубалдардын бийиктиги, резервуарлардын капталдарынан жалдардын ички жантайыңкы капталдарынын же тосмо дубалдардын түбүнө чейинки аралык өрт коопсуздугу боюнча техникалык регламенттердин жана (же) ченемдик документтердин талаптарына ылайык аныкталат. Жер алдындагы резервуарларды жал менен тосуу ал резервуарларда мунай жана мазут сакталган учурларда гана каралат. Жалдардын ички жантайыңкы капталдарынын ортосунда пайда болуучу боштуктун көлөмү топтогу эң чоң резервуардагы суюктуктун көлөмүнүн 10%ына барабар сандагы төгүлүүчү суюктукту кармап туруу шартына ылайык аныкталат.
2. Күйүүчү суюктуктар жана газдар бар өткөрмө түтүктөрдүн жер үстүндөгү тармагын өндүрүш объектинин аймагында жайгаштыруу төмөнкүлөр үчүн тыюу салынат:
- күйүүчү суюктуктар жана газдар бар транзиттик ички аянттык өткөрмө түтүктөрдү - эстакадаларга, өзүнчө турган күйүүчү материалдардан курулган колонналарга жана түркүктөргө, ошондой эле отко туруктуулугу I жана II деңгээлдеги имараттарды кошпогондо имараттардын дубалдары менен чатырларына;
- күйүүчү суюктуктар жана газдар бар өткөрмө түтүктөрдү - галереяларда, эгер бул продукттардын аралашуусу жарылууну же өрттү пайда кылышы мүмкүн болсо;
- күйүүчү суюктуктар жана газдар бар өткөрмө түтүктөрдү - күйө турган жабуулары жана дубалдары боюнча, "А" жана "Б" категорияларындагы жарылуу-өрттөнүү жана өрт коркунучу бар имараттардын жабуулары менен дубалдары боюнча;
- күйүүчү газдардын газ түтүктөрүн - күйүүчү катуу жана суюк материалдардын кампаларынын аймактары боюнча.
Өзүнчө таянычтарга жана эстакадаларга орнотулуучу, күйүүчү суюктуктар үчүн өткөрмө түтүктөрдүн тармагын оюктары бар дубалдардан 3 м ден кем эмес, оюктары жок дубалдардан 0,5 м ден кем эмес аралыкта жайгаштыруу зарыл.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
70-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-70" title="70-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>