# 7-берене. Өрттүн коркунучтуу факторлору

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 7-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-7

---

1. Өрттүн адамдарга жана материалдык байлыктарга таасир этүүчү коркунучтуу факторлоруна төмөнкүлөр кирет:

- жалын жана учкундар;

- жылуулук агымы;

- айлана-чөйрөнүн жогору температурасы;

- күйүүнүн жана заттардын термикалык ажыроосунун уулуу продуктуларынын жогорку концентрациясы:

- кычкылтектин төмөнкү концентрациясы;

- көрүүнүн түтүндөн төмөндөшү.

2. Өрттүн коркунучтуу факторлорунун коштоочу көрүнүштөрүнө төмөнкүлөр кирет:

- талкаланган аппараттардын, агрегаттардын, орнотмолордун жана конструкциялардын сыныктары, бөлүктөрү;

- талкаланган аппараттар менен орнотмолордон айлана-чөйрөгө чыккан радиоактивдүү жана уулуу заттар менен материалдар;

- конструкциялардын аппараттардын жана агрегаттардын ток өткөрүүчү бөлүктөрүнө жогорку чыңалуунун өтүшү;

- өрттүн кесепетинен болгон жарылуунун коркунучтуу факторлору;

- от өчүрүүчү заттардын таасири.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-8)
