7-берене. Өрттүн коркунучтуу факторлору
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Өрттүн адамдарга жана материалдык байлыктарга таасир этүүчү коркунучтуу факторлоруна төмөнкүлөр кирет:
- жалын жана учкундар;
- жылуулук агымы;
- айлана-чөйрөнүн жогору температурасы;
- күйүүнүн жана заттардын термикалык ажыроосунун уулуу продуктуларынын жогорку концентрациясы:
- кычкылтектин төмөнкү концентрациясы;
- көрүүнүн түтүндөн төмөндөшү.
2. Өрттүн коркунучтуу факторлорунун коштоочу көрүнүштөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- талкаланган аппараттардын, агрегаттардын, орнотмолордун жана конструкциялардын сыныктары, бөлүктөрү;
- талкаланган аппараттар менен орнотмолордон айлана-чөйрөгө чыккан радиоактивдүү жана уулуу заттар менен материалдар;
- конструкциялардын аппараттардын жана агрегаттардын ток өткөрүүчү бөлүктөрүнө жогорку чыңалуунун өтүшү;
- өрттүн кесепетинен болгон жарылуунун коркунучтуу факторлору;
- от өчүрүүчү заттардын таасири.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-7" title="7-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>