# 68-берене. Өндүрүш объекттеринин аймагындагы жолдорго, машина кирүүчү (чыгуучу) жолдорго жана өтмөлөргө коюлуучу талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 68-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-68

---

1. Аянтынын өлчөмүнүн чоң-кичинелигине карабастан, жалпы тармактагы автомобиль жолуна чыга турган, же кампанын же ишкананын чоң жолго чыгуучу жолдоруна кошула турган экиден кем эмес машина жолу, ошондой эле I жана II категориялардагы мунайзат жана мунайзат продуктулар кампаларын кошпогондо, аянтынын өлчөмү 5 га дан чоң болгон өндүрүш объекттеринин экиден кем эмес машина жолу болууга тийиш.

Өндүрүш объектисинин аянты жагынын өлчөмү 1000 м ден көп болгондо жана ал көчөнү же автомобиль жолун бойлой жайгашкан болсо, ошол жагынан аянтка кирүүчү экиден кем эмес машина жолу каралуусу керек. Бул жолдордун аралыгы 1500 метрден ашпоого тийиш. Аянты 5 га дан чоң болгон өндүрүш объекттеринин аянтынын ичиндеги тосулган участкалардын (ачык трансформатор станциялары, кампалар ж.б.) экиден кем эмес машина кирүүчү жолу болууга тийиш. Имараттар менен курулмаларга алардын бүт узундугу боюнча: имарат же курулманын туурасы 18 м ге чейин болсо бир жагынан, имарат же курулманын туурасы 18 м ден чоң болсо, ошондой эле туюк жана жарым туюк короолорду курууда эки жагынан өрт автомобилдеринин жакын келиши камсыз кылынууга тийиш. Курулуш аянты 10 га дан чоң же туурасы 100 м ден чоң болгон имараттарга бардык тараптарынан өрт автомобилдеринин жакын келиши камсыз болууга тийиш. Өндүрүш шарттары боюнча жол куруу талап кылынбаган учурларда автомобилдеринин жазылыгы 3,5 м келген, чополуу жана кумдак (чаңдуу) кыртыш ар түрдүү жергиликтүү материалдар менен бекемделип, үстүңкү суулар агып кетсин үчүн жантайыңкы кылып пландалган жер боюнча өрт автомобилдеринин жакын келүүсүнө жол берилет. Өрт автомобилдеринин өтүшүн камсыз кылуучу машина жүрүүчү бөлүктүн же пландалган жердин четинен бийиктиги 12 м ге чейинки имараттардын дубалына чейинки аралык 25 м ден, бийиктиги 12 м ден 28 м ге чейинки имараттарда 8 м ден, ал эми бийиктиги 28 м ден жогору имараттарда 10 м ден ашпоого тийиш.

2. Өрткө каршы суу менен жабдуу булагы болгон көлмөлөргө, ошондой эле туз алынуучу көлмөлөргө, чачыраткыч бассейндерге жана суусу өрт өчүрүүгө пайдаланылышы мүмкүн болгон башка курулмаларга өрт автомобилдери бурула алгыдай, аларды токтотуу жана суу алуу үчүн өлчөмү 12x12 м болгон аянтчалуу жолдор алдын ала каралууга тийиш.

Өрт гидранттарын автомобиль жолдорун бойлото, жолдун машина жүрүүчү бөлүгүнүн четинен 2,5 м ден ашпаган, ал эми имараттардын дубалына 5 м ден жакын эмес аралыкта жайгаштыруу керек. Объекттердин ичиндеги темир жолду машина жана жөө адамдар өтүүчү жолдор кесип өткөн жерлер өрт автомобилдерин өткөрүү үчүн дайыма бош болууга жана рельстин кыры менен тең туташ төшөлмөсү болууга тийиш. Өндүрүш объекттеринин аянтчасына кирүүчү машина жолдун дарбазасынын кеңдиги негизги жана атайын өрт автомобилдеринин тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-67)  
Кийинки берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-69)
