# 61-берене. Өндүрүш объекттеринин өрт коркунучтуулугун талдоо

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 61-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-61

---

1. Технологиялык процесстердин өрт коркунучтуулугун талдоо технологиялык процесске катышуучу заттар менен материалдардын өрт коркунучтуулук көрсөткүчтөрүн технологиялык процесстин параметрлери менен салыштырууну карайт.

Технологиялык процесске катышуучу заттар менен материалдардын өрт коркунучтуулук көрсөткүчтөрүнүн алардын агрегаттык абалдарына жараша технологиялык чөйрөнүн өрт коркунучтуулук мүнөздөмөсү үчүн зарыл жана жеткиликтүү болгон тизмеги ушул Техникалык регламенттин тиркемесиндеги 1-таблицада келтирилген. Өрт коркунучтуу технологиялык чөйрөнүн тутануучу потенциаллык булактарынын тизмеги технологиялык процесстин жана башка тутануу каражаттарынын параметрлери менен заттардын жана материалдардын өрт коркунучтуулук көрсөткүчтөрүн салыштыруу аркылуу аныкталат.

2. Өндүрүш объектинде өрт коркунучу бар кырдаалды аныктоо ар бир технологиялык процесстин өрт коркунучтуулугун талдоонун негизинде жүзөгө ашырылууга тийиш жана аларды ишке ашырууда өрттүн коркунучтуу факторлору таасир эткен жана өрттүн коркунучтуу факторлорунун экинчи таасиринин залалдары бар зоналардагы адамдар үчүн коркунуч келип чыгуучу кырдаалдарды тандоону карайт. Натыйжасында адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч пайда болбогон кырдаалдар өрт коркунучу бар кырдаалдарга кирбейт. Бул кырдаалдар өрт тобокелин эсептөөдө эске алынбайт.

Ар бир өрт коркунучу бар кырдаал үчүн өндүрүш объектинде өрт коркунучу бар кырдаалдын келип чыгуу жана күчөө себептерин, алардын чыгуу орундарын жана ал жердеги адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү факторлорду баяндоолор келтирилүүгө тийиш.

3. Өрт коркунучу бар кырдаалдын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн күйүүчү чөйрөнүн пайда болушуна жана тутануу булагынын келип чыгышына алып келиши мүмкүн болгон окуялар белгиленүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-60)  
Кийинки берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-62)
