# 59-берене. Имараттар менен курулмаларды долбоорлоодо, реконструкциялоодо жана функциялык арналышын өзгөртүүдө өрт коопсуздугунун талаптары

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-59>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-59.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 59-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-59

---

Имараттар менен курулмалардын конструкциялык, көлөмдүк-пландык жана инженердик-техникалык чечилиштери өрт болгон учурда төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:

- өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасир тийгизүүсүнүн айынан адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенге чейин аларды коопсуз зоналарга эвакуация кылууну;

- адамдарды куткаруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн;

- имараттар менен курулмалардагы ар кандай жайларга коргоо бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын жетүү жана өрт өчүрүү каражаттарын жеткирүү мүмкүнчүлүгүн;

- от өчүрүүчү заттарды өрттүн очогуна берүү мүмкүнчүлүгүн;

- өрттүн коңшулаш имараттар менен курулмаларга таралбоосун;

- өрттөн коргоонун заманбап сигналдар системасы бар учурда электр менен жабдуу, газ менен жабдуу, ысык суу менен жабдуу жана суу менен жылытуу тармактарынын өчүрүү жана авариялык жарыкты берүү (көп кабаттуу турак үйлөрдө - ар бир подъездде тепкич клеткаларында жана квартиралардын кире беришинде) каралууга тийиш;

- имараттар менен курулмалар ушул жана башка техникалык регламенттерде каралган имараттар менен курулмалардын коопсуздугунда колдонулуучу өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берүүгө тийиш.

Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин жарылуу-өрт жана өрт коркунучу боюнча "А" жана "Б" категорияларындагы жайлар бул объекттер үчүн техникалык регламенттерде жана (же) өрт коопсуздугу боюнча документтерде көрсөтүлгөн учурлардан башка убактардын барында сырткы дубалдардын жанында, ал эми көп кабат үйлөрдө үстүңкү кабатында жайгашууга тийиш.

---

Мурунку берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-58)  
Кийинки берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-60)
