59-берене. Имараттар менен курулмаларды долбоорлоодо, реконструкциялоодо жана функциялык арналышын өзгөртүүдө өрт коопсуздугунун талаптары
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 17-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
Имараттар менен курулмалардын конструкциялык, көлөмдүк-пландык жана инженердик-техникалык чечилиштери өрт болгон учурда төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
- өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасир тийгизүүсүнүн айынан адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенге чейин аларды коопсуз зоналарга эвакуация кылууну;
- адамдарды куткаруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн;
- имараттар менен курулмалардагы ар кандай жайларга коргоо бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын жетүү жана өрт өчүрүү каражаттарын жеткирүү мүмкүнчүлүгүн;
- от өчүрүүчү заттарды өрттүн очогуна берүү мүмкүнчүлүгүн;
- өрттүн коңшулаш имараттар менен курулмаларга таралбоосун;
- өрттөн коргоонун заманбап сигналдар системасы бар учурда электр менен жабдуу, газ менен жабдуу, ысык суу менен жабдуу жана суу менен жылытуу тармактарынын өчүрүү жана авариялык жарыкты берүү (көп кабаттуу турак үйлөрдө - ар бир подъездде тепкич клеткаларында жана квартиралардын кире беришинде) каралууга тийиш;
- имараттар менен курулмалар ушул жана башка техникалык регламенттерде каралган имараттар менен курулмалардын коопсуздугунда колдонулуучу өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берүүгө тийиш.
Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин жарылуу-өрт жана өрт коркунучу боюнча "А" жана "Б" категорияларындагы жайлар бул объекттер үчүн техникалык регламенттерде жана (же) өрт коопсуздугу боюнча документтерде көрсөтүлгөн учурлардан башка убактардын барында сырткы дубалдардын жанында, ал эми көп кабат үйлөрдө үстүңкү кабатында жайгашууга тийиш.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
59-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-59" title="59-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>