# 57-берене. Өрт деполоруна өрт коопсуздугунун талаптары

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 16-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 57-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-57

---

1. Өрт деполору магистралдык көчөлөргө же жалпы шаардык мааниге ээ жолдорго чыгуучу машина өтүүчү жолу бар жер участкаларында жайгаштырылууга тийиш. Жер участкаларынын аянты өрт деполорунун тибине жараша долбоорлоого берилген техникалык тапшырма менен аныкталат.

2. Өрт депосунун участкасынын аймагынын чегинен коомдук же турак жай имараттарына чейинки аралык 15 метрден кем болбоого, ал эми жалпы билим берүүчү мекемелердин, балдар жана дарылоо мекемелеринин жер участкаларына чейинки аралык 30 метрден кем болбоого тийиш.

3. Өрт деполору участкада кызыл сызыктан ары өрт автомобилдери чыгуучу маңдай жагына чейин 15 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылууга тийиш, II, IV, V типтердеги өрт деполору үчүн бул аралыкты 10 метрге чейин кыскартууга жол берилет.

4. Өрт деполорунун аймагында жайгашуучу имараттар менен курулмалардын курамы, имараттар менен курулмалардын аянттары долбоорлоого берилген техникалык тапшырма менен аныкталат.

5. Өрт депосунун аймагында машина кирүүчү (чыгуучу) эки жайы болууга тийиш. Машина кирүүчү (чыгуучу) дарбазанын кеңдиги 4,5 метрден кем болбоого тийиш.

6. Өрт депосунун аймагындагы жолдор менен аянтчалардын бетине катуу төшөлмө төшөлүүгө тийиш.

7. Өрт депосунун чыгуу аянтынын каршысындагы көчөнүн жүрүү бөлүгү жана тротуар кооптуулук белгиси боюнча гараждан чыгуу убагында транспорттун жана жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылын токтотууга мүмкүндүк берүүчү светофор жана (же) үн белгиси бар жарык көрсөткүчү менен жабдылууга тийиш. Светофорду күйгүзүү жана өчүрүү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын байланыш пунктунан аралыктан башкаруу менен жүргүзүлөрү каралат.

---

Мурунку берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-56)  
Кийинки берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-58)
