57-берене. Өрт деполоруна өрт коопсуздугунун талаптары
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 16-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Өрт деполору магистралдык көчөлөргө же жалпы шаардык мааниге ээ жолдорго чыгуучу машина өтүүчү жолу бар жер участкаларында жайгаштырылууга тийиш. Жер участкаларынын аянты өрт деполорунун тибине жараша долбоорлоого берилген техникалык тапшырма менен аныкталат.
2. Өрт депосунун участкасынын аймагынын чегинен коомдук же турак жай имараттарына чейинки аралык 15 метрден кем болбоого, ал эми жалпы билим берүүчү мекемелердин, балдар жана дарылоо мекемелеринин жер участкаларына чейинки аралык 30 метрден кем болбоого тийиш.
3. Өрт деполору участкада кызыл сызыктан ары өрт автомобилдери чыгуучу маңдай жагына чейин 15 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылууга тийиш, II, IV, V типтердеги өрт деполору үчүн бул аралыкты 10 метрге чейин кыскартууга жол берилет.
4. Өрт деполорунун аймагында жайгашуучу имараттар менен курулмалардын курамы, имараттар менен курулмалардын аянттары долбоорлоого берилген техникалык тапшырма менен аныкталат.
5. Өрт депосунун аймагында машина кирүүчү (чыгуучу) эки жайы болууга тийиш. Машина кирүүчү (чыгуучу) дарбазанын кеңдиги 4,5 метрден кем болбоого тийиш.
6. Өрт депосунун аймагындагы жолдор менен аянтчалардын бетине катуу төшөлмө төшөлүүгө тийиш.
7. Өрт депосунун чыгуу аянтынын каршысындагы көчөнүн жүрүү бөлүгү жана тротуар кооптуулук белгиси боюнча гараждан чыгуу убагында транспорттун жана жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылын токтотууга мүмкүндүк берүүчү светофор жана (же) үн белгиси бар жарык көрсөткүчү менен жабдылууга тийиш. Светофорду күйгүзүү жана өчүрүү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын байланыш пунктунан аралыктан башкаруу менен жүргүзүлөрү каралат.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
57-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-57" title="57-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>