# 55-берене. Айылдык жана шаардык калктуу конуштарды өрткө каршы суу менен жабдуу

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 55-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-55

---

1. Айылдык жана шаардык калктуу конуштардын аймактарын долбоорлоодо сырткы өрт өчүрүү үчүн суу менен жабдуу булактары каралууга тийиш.

Өрткө каршы суу менен жабдуунун сырткы булактарына төмөнкүлөр кирет:

- өрт гидранттары бар сырткы суу түтүк тармактары;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өрт өчүрүү максатында пайдаланылуучу башка суу объекттери.

2. Калктуу конуштар өрткө каршы суу түтүктөрү менен жабдылууга тийиш. Мында өрткө каршы суу түтүгүн чарбалык-ичилүүчү же өндүрүштүк суу түтүгү менен бириктирүүгө жол берилбейт.

3. Жашоочуларынын саны 5000 адамдан ашпаган калктуу конуштар үчүн, өрткө каршы айланма суу түтүгү жок калктуу конуштарда жайгашкан, көлөмү 1000 куб.м чейинки өзүнчө турган коомдук имараттар, "В", "Г" жана "Д" категорияларындагы жарылуу-өрт жана өрт коркунучу боюнча өндүрүшү бар сырткы өрт өчүрүүгө 10 л/с (секундуна литр) суу чыгымдай турган өндүрүш имараттары, көлөмү 1000 куб.м чейин болгон кесек тоют кампалары, көлөмү 5000 куб.м чейин болгон минералдык жер семирткич кампалары, радиотелекөрсөтүүлөрдү берүү станцияларынын имараттары, муздаткычтар менен жашылча-жемиштерди сактоочу жайлардын имараттары үчүн өрткө каршы сырткы суу менен жабдуу үчүн табигый же жасалма көлмөлөрдү кароого жол берилет.

4. Жашоочуларынын саны 50 адамга чейин, бийиктиги 2 кабатка чейинки курулуш имараттары бар калктуу конуштар, ошондой эле калктуу конуштардан обочо жайгашкан, имаратынын көлөмү 1000 куб.м чейинки коомдук тамактануу ишканалары жана аянты 150 кв.м чейин болгон соода ишканалары, калктуу конуштарда жайгашкан отко туруктуулугу I, II, III жана IV даражадагы, көлөмү 250 куб.м чейинки коомдук имараттар, отко туруктуулугу I жана II даражадагы, көлөмү 1000 куб.м, чейинки (корголбогон металл же көтөрүүчү жыгач конструкциялуу, ошондой эле полимер жылуулагычтуу, көлөмү 250 куб.м чейинки имараттарды кошпогондо) "Д" категориясындагы өрт жана жарылуу өрт коркунучу бар коомдук имараттар, имаратынын көлөмү 1000 куб.м чейинки мезгилдүү универсалдуу айыл чарба азыктарын кабыл алуу-даярдоо пункттары, аянты 50 кв.м чейинки кампа имараттары үчүн сырткы өрт өчүрүү үчүн суу менен жабдуу каралбайт.

5. Калктуу пункттарда сырткы өрт өчүрүүгө суу түтүктөр тармагынан сууну чыгымдоо ушул Техникалык регламенттин тиркемесинин 7 жана 8-таблицаларына ылайык кабыл алынууга тийиш.

6. Бийиктиги же көлөмү 8-таблицада көрсөтүлгөндөн жогору имараттарда, ошондой эле көлөмү 25000 куб.м жогору жана адамдар массалык түрдө келүүчү коомдук имараттарда сырткы өрт өчүрүүгө сууну чыгымдоо 25%дан кем эмес көбөйтүлүүгө тийиш.

Күйүүчү же полимер жылуулагычтуу профилденген болот же асбест-цемент тактасынан жасалган тосуучу конструкциялуу жана көтөргүч болот конструкциялуу, бийиктиги 18 метрден ашпаган бир же эки кабат өндүрүш объекттеринде жана бир кабат кампа имараттарында сырткы өрт өчүрүүгө сууну чыгымдоо ушул Техникалык регламенттин тиркемесинин 9 жана 10-таблицаларында көрсөтүлгөндөн 10 л/с га көп кабыл алынууга тийиш. Өндүрүш объекттеринин өзүнчө турган көмөкчү имараттарында сырткы өрт өчүрүүгө сууну чыгымдоону 8-таблицага ылайык коомдук имараттар үчүн кабыл алынгандай, ал эми өндүрүш имараттарынын ичине курулгандар үчүн имараттын жалпы көлөмү боюнча 9-таблицага ылайык кабыл алуу зарыл. Сыйымдуулугу 10 миң куб.м чейинки токой материалдар кампаларында аларды "В" категориясындагы отко туруктуулугу V даражасындагы имараттарга кошуу менен, сырткы өрт өчүрүүгө сууну чыгымдоону 9-таблицага ылайык кабыл алуу зарыл. Радиотелекөрсөтүүлөрдү берүү станцияларынын имараттарында имараттын көлөмүнө жана калктуу конушта жашаган калктын санына карабастан, эгер 9 жана 10-таблицаларга ылайык сууну көп чыгымдоо талап кылынбаса, сырткы өрт өчүрүүгө сууну чыгымдоо 15 л/с дан кем эмес кабыл алынат. Көрсөтүлгөн талаптар иштеп жаткан жана долбоорлонуудагы байланыш объекттерине орнотулган радиотелекөрсөтүү ретрансляторлоруна колдонулбайт. 9 жана 10-таблицаларда көрсөтүлгөндөн көп көлөмдөрдөгү имараттарда сырткы өрт өчүрүүгө сууну чыгымдоо өрт коопсуздугунун ченемдик документтерине ылайык белгиленет.

7. Жогорку басымдагы суу түтүктөрүндө стационардык өрт өчүрүү сордургучтар өрт чыккандыгы тууралуу сигнал берилгенден 5 мүнөттөн кеч эмес убакытта сордургучтун иштей башташын камсыз кылуучу түзүлүш менен жабдылууга тийиш.

Төмөнкү басымдагы өрткө каршы суу түтүктөр тармагындагы минималдуу эркин суу басымы (жер бетинин деңгээлинде) өрт өчүрүүдө 10 метрден кем болбоого тийиш. Жогорку басымдагы өрткө каршы суу түтүктөр тармагындагы минималдуу эркин суу басымы өрт өчүрүүгө сууну толук чыгымдаганда жана өрт түтүгү эң бийик имараттын эң бийик чекитинде турганда суунун жыйнактуу агымынын 20 метрден кем эмес бийиктикке атылышын камсыз кылууга тийиш.

8. Өрт гидранттарын автомобиль жолдорун бойлото жолдун машина жүрүүчү бөлүгүнүн четинен 2,5 метрден ашык эмес аралыкта, бирок имараттардын дубалдарына 5 метрден жакын эмес аралыкта орнотуу каралат; гидранттарды машина жүрүүчү бөлүгүнө жайгаштырууга жол берилет. Мында гидранттарды суу түтүктөр тармагынан бутактануу кеткен жерге орнотууга жол берилбейт.

Өрт гидранттарын суу түтүктөр тармагына жайгаштыруу ошол тармак аркылуу тейленген ар кандай имаратта, курулмада же анын бөлүгүндө сырткы өрт өчүрүүгө 15 л/с дан (секундуна литр) көп сууну чыгымдоодо 2 гидранттан жана 15 л/с дан аз чыгымдоодо 1 гидранттан камсыз кылууга тийиш.

9. Багбанчылык (дача) бирикмесинин жалпы пайдалануу аймагында өрт өчүрүүнү камсыз кылуу үчүн участкалар 300 бирдикке чейин болсо сыйымдуулугу 25 куб.м ден кем эмес, 300 бирдиктен көп болсо сыйымдуулугу 60 куб.м кем эмес өрткө каршы көлмөлөр же резервуарлар (ар бири сордургуч менен суу алуу жана 2ден кем эмес өрт автомобилинин келүү мүмкүнчүлүгү бар, өрт техникасын орнотуу үчүн аянтчасы менен) каралат.

10. Сырткы өрткө каршы суу түтүктөргө талаптар, ошондой эле өрт гидранттарынын зарыл саны жана жайгаштыруу орду атайын техникалык регламент менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-54)  
Кийинки берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-56)
