51-берене. Өрт коопсуздугунун баштапкы чаралары
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 14-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
Өрт коопсуздугунун баштапкы чаралары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик объекттеринин өрт коопсуздугун уюштуруучулук-укуктук, финансылык, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселелерин чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу;
- аймакты өнүктүрүү пландарында жана программаларында каралууга тийиш болгон муниципалдык менчик объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, өрткө каршы суу менен жабдуу булактарынын тиешелүү абалын камсыз кылуу, муниципалдык менчиктеги турак үйлөрдүн жана коомдук имараттардын өрт коопсуздугун камсыз кылуу каражаттарын оң абалда кармоо;
- өрт коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча муниципалдык максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана аткарууну уюштуруу;
- муниципалдык түзүлүштөрдүн аймактарында өрт өчүрүү үчүн күчтөрдү жана каражаттарды тартуу жана авариялык-куткаруу жумуштарын жүргүзүү планын иштеп чыгуу жана анын аткарылышын контролдоо;
- муниципалдык түзүлүштүн аймагында өрткө каршы өзгөчө режим орнотуу, ошондой эле режим колдонулган учурга өрт коопсуздугунун кошумча талаптарын иштеп чыгуу;
- өрт болгон жерге өрт техникасынын тоскоолсуз өтүшүн камсыз кылуу;
- байланышты жана өрт жөнүндө кабарлоону камсыз кылуу;
- калкты өрт коопсуздугунун чараларына окутууну жана өрт коопсуздугу жаатында үгүт иштерин уюштуруу, өрт-техникалык билимдерди таратууга көмөктөшүү;
- жарандар менен уюмдардын өрттөн коргоого, анын ичинде өрттөр менен күрөшүүгө ыктыярдуу катышуусуна социалдык жана экономикалык жактан дем берүү.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
51-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-51" title="51-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>