# 5-берене. Коргоо объектинин өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берүү шарттары

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 5-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-5

---

1. Эгер өрт коопсуздугунун ушул Техникалык регламент, атайын техникалык регламенттер жана өрт коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген милдеттүү талаптары толук көлөмдө аткарылса, коргоо объектинин өрт коопсуздугу камсыз кылынды деп эсептелет.

2. Шаарлар менен айылдык калктуу пункттардын жана администрациялык жабык аймактардын өрт коопсуздугу тиешелүү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өрт коопсуздугунун иш-чараларын ишке ашыруунун алкактарында камсыз кылынат.

Эксаймактык объекттердин, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, ошондой эле токой, тоо, жер алдындагы өндүрүштөрдүн, шахталардын өрт коопсуздугу өзүлөрүнүн кызматтары же Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик өрткө каршы кызматы менен өз ара аракеттенүүнүн макулдашылган пландарына ылайык өрт коопсуздугунун чараларын ишке ашыруунун алкактарында камсыз кылынат.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-6)
