5-берене. Коргоо объектинин өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берүү шарттары
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Эгер өрт коопсуздугунун ушул Техникалык регламент, атайын техникалык регламенттер жана өрт коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген милдеттүү талаптары толук көлөмдө аткарылса, коргоо объектинин өрт коопсуздугу камсыз кылынды деп эсептелет.
2. Шаарлар менен айылдык калктуу пункттардын жана администрациялык жабык аймактардын өрт коопсуздугу тиешелүү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өрт коопсуздугунун иш-чараларын ишке ашыруунун алкактарында камсыз кылынат.
Эксаймактык объекттердин, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, ошондой эле токой, тоо, жер алдындагы өндүрүштөрдүн, шахталардын өрт коопсуздугу өзүлөрүнүн кызматтары же Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик өрткө каршы кызматы менен өз ара аракеттенүүнүн макулдашылган пландарына ылайык өрт коопсуздугунун чараларын ишке ашыруунун алкактарында камсыз кылынат.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-5" title="5-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>