# 49-берене. Автоматтык өрт өчүрүү орнотмолору

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 49-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-49

---

Автоматтык өрт өчүрүү орнотмолору төмөнкүдөй максаттардын бирине же бир нечесине жетүүнү камсыз кылууга тийиш:

- жайда (имаратта) өрттүн коркунучтуу факторлорунун чектүү маанилери келип чыкканга чейин өрттү жок кылууга;

- жайда (имаратта) курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чегине жеткенге чейин өрттү жок кылууга;

- жайда (имаратта) корголуучу мүлккө келтирилүүчү зыяндын жол берилген эң чоң маанисине жеткенге чейин өрттү жок кылууга;

- жайда (имаратта) технологиялык аппараттардын (орнотмолордун) талкалануу коркунучу келип чыкканга чейин өрттү жок кылууга;

- электр менен жабдуу, газ менен жабдуу, ысык суу менен жабдуу, суу менен жылытуу тармактарын өчүрүүгө, ошондой эле турак үйлөрдөгү жана коомдук имараттардагы авариялык жарыкты күйгүзүүгө.

Автоматтык өрт өчүрүү орнотмолору менен корголгон объекттер, автоматтык өрт өчүрүү орнотмосунун тиби, отту өчүрүүчү заттын түрү жана аны өрттүн очогуна жиберүү ыкмасы күйүүчү материалдын түрүнө, имараттын же курулманын көлөмдүк-пландык чечилишине жана айлана-чөйрөнүн параметрлерине жараша аныкталат жана тийиштүү стандарттар менен белгиленет. Мында отту өчүрүүчү затты жиберүүчү түзүлүштү жайгаштыруу өрттү убагында табууну жана жок кылууну камсыз кылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-50)
