49-берене. Автоматтык өрт өчүрүү орнотмолору
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 14-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
Автоматтык өрт өчүрүү орнотмолору төмөнкүдөй максаттардын бирине же бир нечесине жетүүнү камсыз кылууга тийиш:
- жайда (имаратта) өрттүн коркунучтуу факторлорунун чектүү маанилери келип чыкканга чейин өрттү жок кылууга;
- жайда (имаратта) курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чегине жеткенге чейин өрттү жок кылууга;
- жайда (имаратта) корголуучу мүлккө келтирилүүчү зыяндын жол берилген эң чоң маанисине жеткенге чейин өрттү жок кылууга;
- жайда (имаратта) технологиялык аппараттардын (орнотмолордун) талкалануу коркунучу келип чыкканга чейин өрттү жок кылууга;
- электр менен жабдуу, газ менен жабдуу, ысык суу менен жабдуу, суу менен жылытуу тармактарын өчүрүүгө, ошондой эле турак үйлөрдөгү жана коомдук имараттардагы авариялык жарыкты күйгүзүүгө.
Автоматтык өрт өчүрүү орнотмолору менен корголгон объекттер, автоматтык өрт өчүрүү орнотмосунун тиби, отту өчүрүүчү заттын түрү жана аны өрттүн очогуна жиберүү ыкмасы күйүүчү материалдын түрүнө, имараттын же курулманын көлөмдүк-пландык чечилишине жана айлана-чөйрөнүн параметрлерине жараша аныкталат жана тийиштүү стандарттар менен белгиленет. Мында отту өчүрүүчү затты жиберүүчү түзүлүштү жайгаштыруу өрттү убагында табууну жана жок кылууну камсыз кылууга тийиш.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
49-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-49" title="49-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>