Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
44-берене. Түтүнгө каршы коргоо системасы
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 14-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Имараттардын жана курулмалардын түтүнгө каршы коргоо системасы өрттөн коопсуз зонага адамдарды эвакуациялоо үчүн зарыл убакыт ичинде же өрт күчөгөн жана күйүү продуктуларын жана ысыктан бузулган нерселерди четтетүү жана (же) анын алдын алуу жолу менен өрттү өчүрүүнүн убагында адамдарды эвакуациялоо жолдорунда жана өрттүн коркунучтуу таасирлеринен сактаган коопсуз зоналарда адамдарды коргоону камсыз кылууга тийиш.
Имараттардын жана курулмалардын түтүнгө каршы агымдуу-соруучу желдетүү системасы көлөмдүк-пландык чечилишке жана конструкциялык аткарылышка жараша механикалык же табигый түрдө иштей тургандай аткарылууга тийиш. Түтүнгө каршы агымдуу-соруучу желдетүү системасында иштөө ыкмаларына карабай түтүнгө каршы желдетүүнүн автоматтык жана аралыктан кол менен ишке киргизүүчү аткаруучу механизмдери жана түзүлүштөрү болууга тийиш. Имараттар менен курулмалардын көлөмдүк-пландык чечилиши күйүү продуктуларынын өрт болгон жайдын, өрт отсегинин жана (же) секциянын чегинен сырткары таралуу мүмкүндүгүн четтетүүгө тийиш. Имараттар менен курулмалардын функциялык арналышына жана көлөмдүк-пландык жана конструкциялык чечилишине жараша аларда түтүнгө каршы желдетүүнүн агымдуу-соруучу же соруучу системасы алдын ала каралууга тийиш. Имараттар менен курулмалардын чегинен күйүү продуктуларын чыгаруу үчүн соруучу желдетүүнү механикалык же табигый соруучу түтүнгө каршы желдетүү түзүлүшү жок колдонууга жол берилбейт. Түтүнгө каршы соруучу желдетүү өрт учурунда күйүү продуктуларын түздөн-түз өрт болгон жайдан, эвакуациялоо жолдорундагы коридорлордон, холлдордон четтетүүнү камсыз кылууга тийиш. Имараттар менен курулмалардын түтүнгө каршы системасынын агымдуу желдетүү системасы өрт болгон жайлардагы жанаша жаткан жайларда, тепкич клеткаларында, лифт холлдорунда жана тамбур-шлюздарда аба берип турууну жана ашыкча басымды түзүүнү камсыз кылууга тийиш. Имараттар менен курулмаларды түтүнгө каршы коргоо элементтеринин конструкциялык чечилиши жана мүнөздөмөсү түтүнгө каршы коргоонун максаттарына жараша коопсуз зонага адамдарды эвакуациялоо үчүн зарыл убакыт ичинде же өрт болгон мезгилдин ичинде түтүнгө каршы агымдуу-соруучу желдетүү системасынын бузулбай иштөөсүн камсыз кылууга тийиш. Имараттар менен курулмалардын түтүнгө каршы агымдуу-соруучу желдетүү системасынын аткаруучу механизмдери менен түзүлүштөрүн автоматтык иштетүү автоматтык өрт сигнализациясы же автоматтык өрт өчүрүүчү орнотмолор иштегенде жүзөгө ашырылууга тийиш. Имараттар менен курулмалардын түтүнгө каршы агымдуу-соруучу желдетүү системасынын механизмдери менен түзүлүштөрүн аралыктан кол менен иштетүү эвакуациялык эшиктерде жана өрт постторунун жайларында же диспетчер персоналдардын жайларында жайгашкан ишке киргизүү элементтери аркылуу жүзөгө ашырылууга тийиш. Өрттө имараттар менен курулмалардын түтүнгө каршы агымдуу-соруучу желдетүү системасын иштетүүдө жалпы алмаштыруу жана технологиялык желдетүү, абаны конденсациялоо системаларын милдеттүү түрдө өчүрүү жүзөгө ашырылууга тийиш. Аэрозолдук, порошоктук жана газ менен өрт өчүрүүчү автоматтык орнотмолорду жана жайдагы түтүнгө каршы желдетүү системаларын өрт болгон жайда бир мезгилде иштетүүгө жол берилбейт.
2. Имараттар менен курулмалардын түтүнгө каршы коргоо системасынын курамына, элементтеринин конструкциялык аткарылышына, колдонуу өзгөчөлүктөрүнө жана иштетүүнүн ырааттуулугуна коюлуучу талаптар алардын функциялык арналышына жана архитектуралык-пландык чечилиштерине жараша тиешелүү атайын Техникалык регламенттин талаптарына ылайык долбоорлоодогу тапшырма менен аныкталат.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-44" title="44-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>