# 43-берене. Өрттө адамдарды жамааттык коргоо жана жеке коргоо каражаттарынын системалары

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 43-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-43

---

1. Адамдарды өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен жамааттык коргоо жана жеке коргоо каражаттарынын системалары адамдарга өрттүн коркунучтуу факторлору таасир эткен убакыт ичинде алардын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш.

Адамдарды жамааттык коргоо системасы өрт болгон мезгил ичинде же өрттөн коопсуз зонага адамдарды эвакуациялоо үчүн зарыл убакыт ичинде адамдардын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш. Бул учурда адамдардын коопсуздугу имараттар менен курулмалардагы өрттөн коопсуз зоналардын көлөмдүк-пландык чечилиши жана конструкциялык аткарылышы аркылуу (анын ичинде имараттын кабаты менен сыртка аба зонасы аркылуу байланышкан тепкич клеткаларын куруу аркылуу), ошондой эле эвакуациялоо жолдорунда өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен адамдарды сактоо үчүн техникалык коргоо каражаттарын (анын ичинде түтүнгө каршы коргоочу каражаттарды) колдонуу аркылуу жетишилүүгө тийиш.

2. Адамдарды жеке коргоо каражаттары (анын ичинде көрүү жана дем алуу органдарын коргоо) адамдарды өрттөн коопсуз зонага эвакуациялоо үчүн зарыл убакыт ичинде же өрттү өчүрүү боюнча атайын иштерди аткаруу үчүн зарыл болгон убакыт ичинде адамдардын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш. Адамдарды жеке коргоо каражаттары эвакуацияланып жана куткарылып жаткан адамдарды эле эмес, өрттү өчүрүүгө катышып жаткан өрт өчүрүүчүлөрдү да коргоо үчүн колдонулууга тийиш.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-44)
