# 41-берене. Өрттө адамдарды эвакуациялоо жолдору

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 41-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-41

---

Ар бир имарат же курулма өрттө адамдарды коопсуз эвакуациялоону камсыз кылуучу эвакуациялоо жолдорунун көлөмдүк-пландык чечилишине жана конструкциялык аткарылышына ээ болууга тийиш. Адамдарды коопсуз эвакуациялоо мүмкүн болбогондо аларды коргоо жамааттык коргоо системаларын колдонуу аркылуу камсыз кылынууга тийиш. Адамдарды коопсуз эвакуациялоону камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр аткарылышы зарыл:

- зарыл болгон сандагы, өлчөмдөгү жана тиешелүү конструкциялык аткарылыштагы эвакуациялоо жолдору жана эшиктерди орнотуу;

- эвакуациялоо жолдору боюнча жана эвакуациялоо эшиктери аркылуу адамдардын тоскоолсуз кыймылын камсыз кылуу;

- маалымдоо жана эвакуациялоо жолдору боюнча адамдардын тоскоолсуз кыймылын (анын ичинде жарык көрсөткүчтөрүн, добуштук жана сүйлөө маалымдамаларын колдонуу аркылуу) башкарууну уюштуруу.

Эгер өрт билингенден баштап адамдарды коопсуз зонага эвакуациялоо процесси аяктаганга чейинки убакыт адамдарды эвакуациялоо үчүн зарыл болгон убакыттан ашпаса, имараттардан жана курулмалардан адамдарды коопсуз эвакуациялоо камсыз кылынган деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-42)
