# 40-берене. Адамдарды жана мүлктү өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо ыкмалары

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 40-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-40

---

Адамдарды жана мүлктү өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо же алардын таасиринин залакасын чектөө төмөнкү ыкмалардын бири же бир нечеси аркылуу камсыз кылынат:

- өрттүн очогунун чегинен сырткары таралышын чектөөнү камсыз кылуучу көлөмдүк-пландык чечилиштерди жана каражаттарды колдонуу;

- өрттө адамдарды коопсуз эвакуациялоо талаптарын канааттандыруучу эвакуация жолдорун куруу;

- өрттү автоматтык түрдө табуучу (өрт сигналдарынын автоматтык орнотмолорун), маалымдоочу жана адамдарды эвакуациялоону башкаруучу системаларды орнотуу;

- өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен адамдарды жамааттык коргоо системаларын (анын ичинде түтүнгө каршы) жана жеке коргоо каражаттарын колдонуу;

- отко туруктуулук чеги бар негизги курулуш конструкцияларын жана имараттардын (курулмалардын) талап кылынган отко туруктуулук даражасына жана алардын конструкциялык өрт коркунучу классына жооп берүүчү өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү бар материалдарды колдонуу;

- курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чегин жогорулатуу үчүн оттон коргоочу курамдарды (анын ичинде антипирендерди жана оттон корголгон сырларды) жана курулуш материалдарын (беттерди каптагычтарды) колдонуу;

- өрт коркунучу бар суюктуктарды авариялык куйгучтарды жана күйүүчү газдарды аппараттардан авариялык чыгаргычтарды орнотуу;

- технологиялык жабдууларда жарылууга каршы коргонуу системасын орнотуу;

- өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарын колдонуу;

- өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолорун колдонуу;

- мамлекеттик өрткө каршы кызматтын бөлүкчөлөрүнүн ишин уюштуруу.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-41)
