# 38-берене. Күйүүчү чөйрөдө тутануу булагынын пайда болуу (же ага киргизилүү) шарттарын четтетүү ыкмалары

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 38-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-38

---

Күйүүчү чөйрөдө тутануу булагынын пайда болуу шарттарын четтетүү төмөнкү ыкмалардын бири же бир нечеси аркылуу жетишилүүгө тийиш:

- өрт коркунучу жана (же) жарылуу коркунучу бар зонанын классына, жарылуу коркунучу бар аралашманын категориясына жана тобуна ылайык келген электр жабдууларын колдонуу;

- конструкцияда ыкчам аракеттенүүчү, тутануу булагынын пайда болушуна алып келүүчү электр орнотмолорунун жана башка түзүлүштөрдүн коргоочу өчүрүү каражаттарын колдонуу;

- статикалык электр тогунун пайда болушун четтетүүчү жабдууларды жана технологиялык процесстерди жүргүзүү режимдерин колдонуу;

- имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды чагылгандан коргоону (чагылган тоскуч) орнотуу;

- күйүүчү чөйрө менен тийишүүчү күйүүчү заттардын, материалдардын жана беттердин коопсуз ысуу температурасын кармап туруу;

- күйүүчү чөйрөдө учкун разрядынын энергиясын коопсуз маанилерине чейин чектөөчү ыкмалар менен түзүлүштөрдү колдонуу;

- оңой жалындоочу суюктуктар жана газдар менен иштегенде учкундан коркунучсуз аспапты колдонуу;

- айланып туруучу заттардын, материалдардын жана буюмдардын өзүнөн өзү ысыктан, химиялык жана (же) микробиологиялык от алып кетүүчү шарттарын жоюу;

- пирофордук заттардын аба менен тийишүүсүн четтетүү;

- жалындын бир көлөмдөн чектеш жаткан көлөмдөргө таралуу мүмкүнчүлүгүн четтетүүчү түзүлүштөрдү колдонуу.

Тутануу булактарынын параметрлеринин коопсуздук маанилери технологиялык процесстерди аларда айланып жүргөн заттар менен материалдардын ушул Техникалык регламенттин тиркемесиндеги 1-таблицада аныкталган өрт коркунучу көрсөткүчтөрүнүн негизинде өткөрүү шарттары менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-39)
