# 37-берене. Күйүүчү чөйрөнүн пайда болуу шарттарын четтетүү ыкмалары

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 37-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-37

---

Күйүүчү чөйрөнүн пайда болуу шарттарын четтетүү төмөнкү ыкмалардын бири же бир нечеси аркылуу камсыз кылынууга тийиш:

- күйбөөчү заттар менен материалдарды колдонуу;

- күйүүчү заттар менен материалдардын массасын жана (же) көлөмүн чектөө;

- күйүүчү заттар менен материалдарды, ошондой эле бири-бири менен өз ара аракеттенгенде күйүүчү чөйрөнүн пайда болушуна алып келүүчү материалдарды жайгаштыруунун абдан коопсуз ыкмаларын пайдалануу;

- күйүүчү чөйрөнү тутануу булагынан бөлүү (обочолонгон отсектерди, камераларды, кабиналарды колдонуу);

- кычкылдандыргыч жана (же) күйүүчү заттардын чөйрөлөрүндө коопсуз концентрацияны кармап туруу;

- кычкылдандыргычтын күйүүчү чөйрөдөгү концентрациясынын корголуучу объектте азайтылышы;

- чөйрөнүн температурасын жана басымын жалындын таралышы болбой турган температурада жана басымда кармап туруу;

- күйүүчү заттардын айланып жүрүшү менен байланышкан технологиялык процесстерди механикалаштыруу жана автоматташтыруу;

- өрттөн кооптуу жабдууларды өзүнчө жайларга же ачык аянтчага орнотуу;

- өндүрүш жабдууларын коргоочу, күйүүчү заттардын жайдын көлөмүнө чыгышына жол бербей турган түзүлүштөрдү колдонуу;

- технологиялык жабдуулардын жайларынан жана коммуникациядан өндүрүштүн өрттөн кооптуу калдыктарын чыгаруу, туруп калган чаңдарды, пырларды тазалоо.

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-38)
