# 33-берене. Өрт өчүрүү орнотмолорунун классификациясы

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 33-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-33

---

1. Өрт өчүрүү орнотмолору - бул от өчүрүүчү заттарды жиберүү жолу менен өрттү өчүрүүнүн стационардык техникалык каражаттарынын жыйындысы.

Өрт өчүрүү орнотмолору өрттү чектөөнү жана жок кылууну камсыз кылууга тийиш. Өрт өчүрүү орнотмолору төмөнкүдөй бөлүнөт:

- конструкциялык түзүлүшү боюнча - агрегаттык жана модулдук;

- автоматташтыруу даражасы боюнча - автоматтык, автоматташтырылган жана кол менен иштетилүүчү;

- от өчүрүүчү заттардын түрү боюнча - суу, көбүк, газ, порошок колдонулуучу, аэрозолдук жана айкалышкан;

- өчүрүү ыкмасы боюнча - көлөмдүк, үстүңкү, чектелген-көлөмдүк, чектелген-үстүңкү.

2. Өрт өчүрүү курулмаларынын типтери, өчүрүү ыкмасы, от өчүрүүчү заттардын түрү долбоорлоочу уюм тарабынан аныкталат. Ошол эле учурда өрт өчүрүү орнотмосу төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:

- өрттүн күчөшүнүн баштапкы стадиясынын узактыгынан (өрттүн эркин күчөшүнүн чектүү мезгилинен) ашпаган мезгил ичинде иштей баштоосун;

- суу жеткирүүнүн зарыл болгон ургаалдуулугун жана от өчүрүүчү заттардын салыштырмалуу сарпталышын;

- өрттү жок кылууну ыкчам күчтөр менен каражаттарды аракетке келтирүү үчүн зарыл болгон мезгил ичинде же чектөө максатында өчүрүүнү;

- талап кылынган иштөө ишенимдүүлүгүн.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-34)
