33-берене. Өрт өчүрүү орнотмолорунун классификациясы
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 12-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Өрт өчүрүү орнотмолору - бул от өчүрүүчү заттарды жиберүү жолу менен өрттү өчүрүүнүн стационардык техникалык каражаттарынын жыйындысы.
Өрт өчүрүү орнотмолору өрттү чектөөнү жана жок кылууну камсыз кылууга тийиш. Өрт өчүрүү орнотмолору төмөнкүдөй бөлүнөт:
- конструкциялык түзүлүшү боюнча - агрегаттык жана модулдук;
- автоматташтыруу даражасы боюнча - автоматтык, автоматташтырылган жана кол менен иштетилүүчү;
- от өчүрүүчү заттардын түрү боюнча - суу, көбүк, газ, порошок колдонулуучу, аэрозолдук жана айкалышкан;
- өчүрүү ыкмасы боюнча - көлөмдүк, үстүңкү, чектелген-көлөмдүк, чектелген-үстүңкү.
2. Өрт өчүрүү курулмаларынын типтери, өчүрүү ыкмасы, от өчүрүүчү заттардын түрү долбоорлоочу уюм тарабынан аныкталат. Ошол эле учурда өрт өчүрүү орнотмосу төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
- өрттүн күчөшүнүн баштапкы стадиясынын узактыгынан (өрттүн эркин күчөшүнүн чектүү мезгилинен) ашпаган мезгил ичинде иштей баштоосун;
- суу жеткирүүнүн зарыл болгон ургаалдуулугун жана от өчүрүүчү заттардын салыштырмалуу сарпталышын;
- өрттү жок кылууну ыкчам күчтөр менен каражаттарды аракетке келтирүү үчүн зарыл болгон мезгил ичинде же чектөө максатында өчүрүүнү;
- талап кылынган иштөө ишенимдүүлүгүн.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
33-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-33" title="33-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>