# 29-берене. Тепкич клеткаларын классификациялоо

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 29-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-29

---

1. Тепкич клеткалары өрт учурунда түтүндөн корголуу даражасына жараша төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:

- кадимки тепкич клеткалары;

- түтөбөөчү тепкич клеткалары.

2. Кадимки тепкич клеткалары жарыктандыруу ыгына жараша төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:

- "Л1" сырткы дубалдагы ар бир кабаттагы айнектелген же ачык терезечелер аркылуу табигый жарык менен жарыктандырылуучу тепкич клеткалары;

- "Л2" жабык жердеги айнектелген же ачык терезечелер аркылуу табигый жарык менен жарыктандырылуучу тепкич клеткалары.

3. Түтөбөөчү тепкич клеткалары өрттө түтөөдөн сактоо ыгына жараша төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:

- "Н1" түтөбөөчү сырткы аба зонасы аркылуу ачык өткөөл боюнча кабаттан тепкич клеткасына чыгуучу эшиги бар тепкич клеткалары;

- "Н2" өрттө тепкич клеткаларына атайын аба үйлөгүчү бар тепкич клеткалары;

- "Н3" ар бир кабатта тепкич клеткаларына тамбур-шлюз аркылуу чыгуучу эшиги бар, дайыма же өрт учурунда атайын аба үйлөөсү камсыз болгон тепкич клеткалары.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-30)
