29-берене. Тепкич клеткаларын классификациялоо
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 11-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Тепкич клеткалары өрт учурунда түтүндөн корголуу даражасына жараша төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:
- кадимки тепкич клеткалары;
- түтөбөөчү тепкич клеткалары.
2. Кадимки тепкич клеткалары жарыктандыруу ыгына жараша төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:
- "Л1" сырткы дубалдагы ар бир кабаттагы айнектелген же ачык терезечелер аркылуу табигый жарык менен жарыктандырылуучу тепкич клеткалары;
- "Л2" жабык жердеги айнектелген же ачык терезечелер аркылуу табигый жарык менен жарыктандырылуучу тепкич клеткалары.
3. Түтөбөөчү тепкич клеткалары өрттө түтөөдөн сактоо ыгына жараша төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:
- "Н1" түтөбөөчү сырткы аба зонасы аркылуу ачык өткөөл боюнча кабаттан тепкич клеткасына чыгуучу эшиги бар тепкич клеткалары;
- "Н2" өрттө тепкич клеткаларына атайын аба үйлөгүчү бар тепкич клеткалары;
- "Н3" ар бир кабатта тепкич клеткаларына тамбур-шлюз аркылуу чыгуучу эшиги бар, дайыма же өрт учурунда атайын аба үйлөөсү камсыз болгон тепкич клеткалары.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-29" title="29-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>