# 27-берене. Өрткө каршы бөгөттөрдүн классификациясы

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 27-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-27

---

1. Өрткө каршы бөгөттөр өрттүн коркунучтуу факторлорунун таралуусун алдын алуу ыгына жараша төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:

- өрткө каршы дубалдар;

- өрткө каршы тосмолор;.

- өрткө каршы капканчтар;

- өрткө каршы ажырымдар;

- өрткө каршы көшөгөлөр, шторалар жана экрандар;

- өрткө каршы суу тосмолору;

- өрткө каршы минералдаштырылган тилкелер.

2. Өрткө каршы дубалдар, тосмолор жана калканчтар, өрткө каршы бөгөттөрдөгү боштуктарды толтуруу (өрткө каршы эшиктер, дарбазалар, люктар, клапандар, терезелер, шторалар, көшөгөлөр) алардын тосуучу бөлүгүнүн отко туруктуулук чектерине жараша, ошондой эле өрткө каршы бөгөттөрдөгү боштуктар үчүн каралган тамбур-шлюздар элементтеринин типтерине жараша төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:

Дубалдар 1- же 2-тип; Тосмолор 1- же 2-тип; Калканчтар 1- же 2- же 3- же 4-тип; Эшиктер, дарбазалар, люктар, клапандар, терезелер, шторалар 1- же 2- же 3-тип; Терезелер 1- же 2- же 3-тип; Көшөгөлөр 1-тип; Тамбур-шлюздар 1- же 2-тип.

3. Өрткө каршы бөгөттөрдү тигил же бул типке киргизүү өрткө каршы бөгөттөрдүн элементтеринин отко туруктуулук чектерине жана бөгөттөрдөгү боштуктарды толтуруу тибине жараша ушул Техникалык регламенттин тиркемесиндеги 14-таблицага ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-28)
