27-берене. Өрткө каршы бөгөттөрдүн классификациясы
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 10-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Өрткө каршы бөгөттөр өрттүн коркунучтуу факторлорунун таралуусун алдын алуу ыгына жараша төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:
- өрткө каршы дубалдар;
- өрткө каршы тосмолор;.
- өрткө каршы капканчтар;
- өрткө каршы ажырымдар;
- өрткө каршы көшөгөлөр, шторалар жана экрандар;
- өрткө каршы суу тосмолору;
- өрткө каршы минералдаштырылган тилкелер.
2. Өрткө каршы дубалдар, тосмолор жана калканчтар, өрткө каршы бөгөттөрдөгү боштуктарды толтуруу (өрткө каршы эшиктер, дарбазалар, люктар, клапандар, терезелер, шторалар, көшөгөлөр) алардын тосуучу бөлүгүнүн отко туруктуулук чектерине жараша, ошондой эле өрткө каршы бөгөттөрдөгү боштуктар үчүн каралган тамбур-шлюздар элементтеринин типтерине жараша төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:
Дубалдар 1- же 2-тип; Тосмолор 1- же 2-тип; Калканчтар 1- же 2- же 3- же 4-тип; Эшиктер, дарбазалар, люктар, клапандар, терезелер, шторалар 1- же 2- же 3-тип; Терезелер 1- же 2- же 3-тип; Көшөгөлөр 1-тип; Тамбур-шлюздар 1- же 2-тип.
3. Өрткө каршы бөгөттөрдү тигил же бул типке киргизүү өрткө каршы бөгөттөрдүн элементтеринин отко туруктуулук чектерине жана бөгөттөрдөгү боштуктарды толтуруу тибине жараша ушул Техникалык регламенттин тиркемесиндеги 14-таблицага ылайык жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-27" title="27-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>