25-берене. Курулуш конструкцияларын отко туруктуулугу боюнча классификациялоо
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 10-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Имараттар менен курулмалардын курулуш конструкциялары стандарттык сыноо шарттарында алардын өрттүн таасирине жана өрттүн коркунучтуу факторлорунун таралышына каршылык көрсөтүү жөндөмдүүлүгүнө жараша төмөнкүдөй отко туруктуулук чегине ээ курулуш конструкцияларына бөлүнөт:
- нормага салынбаган;
- 15 мүнөттөн кем эмес;
- 30 мүнөттөн кем эмес;
- 45 мүнөттөн кем эмес;
- 60 мүнөттөн кем эмес;
- 90 мүнөттөн кем эмес;
- 120 мүнөттөн кем эмес;
- 150 мүнөттөн кем эмес;
- 180 мүнөттөн кем эмес;
- 240 мүнөттөн кем эмес;
- 360 мүнөттөн кем эмес.
2. Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чеги стандарттык сыноо шарттарында аныкталат. Көтөрүүчү жана тосуучу курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектери стандарттык сыноо шарттарында же эсептөөлөрдүн натыйжасында бир же чектик абалдардын төмөнкү бир нече белгилерине ырааттуу түрдө жетүү убактысы боюнча белгиленет:
- көтөрүү жөндөмдүүлүгүн жоготушу "R";
- бүтүндүгүн жоготушу "Е";
- үстүңкү ысыбай турган бетинде температуранын жогорулашынан улам конструкциянын жылуулук өткөрбөө жөндөмдүүлүгүнүн чектик маанисине чейин жоголушу "I" же конструкциялардын ысыбай турган үстүңкү бетинен нормадагы аралыкта жылуулук агымынын тыгыздыгынын чектик чоңдугуна жетиши "W".
3. Өрткө каршы бөгөттөр бүтүндүгүн жоготкондо "Е", жылуулук өткөрбөө жөндөмдүүлүгүнүн "I", жылуулук агымынын тыгыздыгынын "W" жана (же) түтүн-газ өткөргүчтүгүнүн "S" чектик чоңдугуна жеткенде өрткө каршы бөгөттөрдөгү боштуктарды толтургуч үчүн отко туруктуулук чегине жетишилет.
4. Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чегин жана чектик абалдарынын белгилерин аныктоо усулдары атайын техникалык регламент менен белгиленет.
5. Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектеринин шарттуу белгилери чектик абалынын жана тобунун тамга түрүндөгү белгилерин камтыйт.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-25" title="25-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>