# 24-берене. Өрт деполорунун имараттарынын классификациясы

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 24-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-24

---

1. Өрт деполорунун имараттары арналышына, автомобилдердин санына, жайларынын жана аянттарынын курамына жараша төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:

I - шаар конуштарын өрттөн сактоо үчүн 6, 8, 10 жана 12 автомобилдүү өрт депосу; II - шаар конуштарын өрттөн сактоо үчүн 2, 4 жана 6 автомобилдүү өрт депосу; III - уюмдарды өрттөн сактоо үчүн 6, 8, 10 жана 12 автомобилдүү өрт депосу; IV - уюмдарды өрттөн сактоо үчүн 2, 4 жана 6 автомобилдүү өрт депосу; V - айыл-кыштактарды өрттөн сактоо үчүн 1, 2, 3 жана 4 автомобилдүү өрт депосу.

2. Өрт депосунун I жана III типтеги имараттары калк жашаган пункттун же уюмдардын аймагынан орун алган өрткө каршы кызматтын бөлүкчөлөрүнүн башкаруу органдары жана (же) өрткө каршы кызматтын нөөмөттүк-диспетчерлик кызматы жайгашкан учурда долбоорлонот.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-25)
