23-берене. Имараттарды, курулмаларды жана өрт отсектерин функциялык өрт коркунуч классы боюнча классификациялоо
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 9-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Имараттар (курулмалар, өрт отсектери жана имараттардын бөлүктөрү - жайлардын же функциялык жактан өз ара байланышкан жайлардын тобу) функциялык өрт коркунуч классы боюнча арналышына, салынганына канча жыл болгонуна, физикалык абалына жана имараттагы адамдардын санына, алардын уктоо абалында болуу мүмкүнчүлүгүнө карай төмөнкүдөй бөлүнөт.
"Ф 1" - адамдар туруктуу жашоочу жана убактылуу болуп туруучу имараттар, анын ичинде: "Ф 1.1" - мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин, адистешкен карылар жана майыптар үйлөрүнүн (квартиралуу эмес) имараттары, ооруканалар, жатак тибиндеги билим берүүчү мекемелердин жана балдар мекемелеринин уктоочу корпустары; "Ф 1.2" - мейманканалар, жатаканалар, жалпы типтеги санаторийлер менен эс алуу үйлөрүнүн, кемпингдердин, мотелдердин жана пансионаттардын уктоочу корпустары; "Ф 1.3" - көп квартиралуу турак үйлөр; "Ф 1.4" - бир квартиралуу, анын ичинде тосмолонгон, турак үйлөр; "Ф 2" - оюн-зоок жана маданий-агартуу мекемелеринин имараттары, анын ичинде: "Ф 2.1" - театрлар, кинотеатрлар, концерттик залдар, клубдар, цирктер, трибуналуу спорттук курулмалар, китепканалар жана жабык жайларда келүүчүлөр үчүн эсептелген сандагы отуруучу орундары бар башка мекемелер; "Ф 2.2" - музейлер, көргөзмөлөр, бий залдары жана ушул сыяктуу жабык жайлардагы мекемелер; "Ф 2.3" - "Ф 2.1"де көрсөтүлгөн мекемелердин ачык асман астындагы имараттары; "Ф 2.4" - "Ф 2.2"де керсөтүлгөн мекемелердин ачык астындагы имараттары; "Ф 3" - калкты тейлөө боюнча ишканалардын имараттары, анын ичинде: Ф 3.1 - соода ишканаларынын имараттары; Ф 3.2 - коомдук тамактануу ишканаларынын имараттары; Ф 3.3 - бекеттер; Ф 3.4 - эмканалар жана амбулаториялар; "Ф 3.5" - турмуш-тиричилик жана коммуналдык тейлөө ишканаларынын келип-кетүүчүлөр үчүн эсепке алынбаган сандагы отуруу орундары бар келип-кетүүчүлөр үчүн жайлар; "Ф 3.6" - көрүүчүлөр үчүн трибуналары жок дене тарбия-ден соолук чыңдоо комплекстери жана спорттук-машыктыруу мекемелери, турмуш-тиричиликтик жайлары, мончолор; "Ф 4" - илимий жана билим берүү уюмдарынын, долбоорлоо уюмдарынын, башкаруу органдарынын мекемелеринин имараттары, анын ичинде: "Ф 4.1" - жалпы билим беруү мекемелери, балдарга кошумча билим берүү мекемелери, кесиптик баштапкы жана кесиптик орто билим берүү мекемелери; "Ф 4.2" - кесиптик жогорку билим берүү жана адистерге кесиптик кошумча билим берүү (квалификацияларын жогорулатуу) мекемелери; "Ф 4.3" - башкаруу органдарынын мекемелери, долбоорлоо-конструктордук уюмдары, маалымат жана редакция-басма уюмдары, илимий уюмдар, банктар, кеңселер, офистер; "Ф 4.4" - өрт деполору; "Ф 5" - өндүрүштүк жана кампа үчүн арналган имараттар, анын ичинде: "Ф 5.1" - өндүрүштүк имараттар жана курулмалар, өндүрүштүк жана лабораториялык жайлар, устаканалар; "Ф 5.2" - кампа имараттары жана курулмалары, техникалык тейлөө жана оңдоо кызматы жок автомобиль токтоочу жайлар, китеп сакталуучу жайлар, архивдер, кампалар; "Ф 5.3" - айыл чарбалык арналыштагы имараттар.
2. Өндүрүштүк жана кампа үчүн жайлар, анын ичинде "Ф 1" - "Ф 4" класстарына таандык имараттардагы лабораториялар жана устаканалар "Ф 5" классына кирет.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-23" title="23-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>