# 16-берене. Өрттөн корголгон электр жабдууларын классификациялоо

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 16-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-16

---

1. Өрт коркунучу бар зоналарда колдонулуучу электр жабдуулары ошол электр жабдуусунун конструкциясы менен камсыздалып, жабдуунун ичине суунун киришинен жана сырттагы катуу нерселердин түшүп кетишинен корголуш даражасы боюнча классификацияланат.

Өрттөн корголгон электр жабдууларынын классификациясы ушул Техникалык регламенттин тиркемесиндеги 4 жана 5-таблицаларга ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Өрттөн корголгон электр жабдууларынын кабыкчасынын коргоо даражасын аныктоо усулдары тиешелүү атайын техникалык регламенттер менен белгиленет.

3. Өрттөн корголгон электр жабдууларынын кабыкчасынын коргоо даражасын маркалоо эл аралык коргоо белгисинин (IР) жана эки цифранын жардамы менен жүзөгө ашырылат, алардын биринчиси катуу нерселердин түшүп кетишинен, экинчиси суунун киришинен коргой тургандыгын билгизет.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-17)
