# 14-берене. Жарылуу коркунучу бар зоналарды классификациялоо

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 14-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-14

---

1. Жарылууга коркунучтуу аралашмалардын болушунун жыштыгына жана узактыгына жараша жарылуу коркунучу бар зоналар төмөнкүдөй класстарга бөлүнөт:

0-класс - жарылууга коркунучтуу газ аралашмасы дайыма же бир саат бою бар болуучу зоналар; 1-класс - жабдуулар нормалдуу иштеген режимде аба менен жарылууга коркунучтуу аралашмаларды пайда кылуучу күйүүчү газдар жана оңой от алуучу суюктуктардын буулары бөлүнүп чыгуучу жайларда жайгашкан зоналар; 2-класс - күйүүчү газдардын же оңой от алуучу суюктуктардын бууларынын аба менен жарылууга коркунучтуу аралашмалары жабдуулар нормалдуу иштеген режимде пайда болбоочу, бирок технологиялык жабдуу аварияга учураганда же оң болбогондо гана пайда болуучу жайларда жайгашкан зоналар; 3-класс - күйүүчү чаңдын аба менен болгон жарылууга коркунучтуу аралашмасынын төмөнкү концентрациядагы жалындоо чеги абанын көлөмүнө 65 г/куб.м аз болгон жана дайыма бар болуучу зоналар; 4-класс - жабдуулар нормалдуу иштеген режимде абада тең салмак абалга өтүүчү жана 65 г/куб.м жана андан аз концентрацияда аба менен жарылууга коркунучтуу аралашмаларды түзүүгө жөндөмдүү күйүүчү чаңдар же булалар бөлүнүп чыгуучу жайларда жайгашкан зоналар; 5-класс - жабдуулар нормалдуу иштеген режимде 65 г/куб.м жана андан аз концентрацияда аба менен күйүүчү чаңдардын же булалардын жарылууга коркунучтуу аралашмалары түзүлбөйт, бирок күйүүчү чаңдардын же булалардын жарылуу коркунучу бар мындай аралашмаларынын технологиялык жабдуунун аварияга учурашынын же оң эместигинин гана натыйжасында түзүлүшү мүмкүн болуучу жайларда жайгашкан зоналар.

2. Жарылуу коркунучу бар зоналардын классификациялык көрсөткүчтөрүн аныктоо атайын техникалык регламент менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-15)
