14-берене. Жарылуу коркунучу бар зоналарды классификациялоо
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Жарылууга коркунучтуу аралашмалардын болушунун жыштыгына жана узактыгына жараша жарылуу коркунучу бар зоналар төмөнкүдөй класстарга бөлүнөт:
0-класс - жарылууга коркунучтуу газ аралашмасы дайыма же бир саат бою бар болуучу зоналар; 1-класс - жабдуулар нормалдуу иштеген режимде аба менен жарылууга коркунучтуу аралашмаларды пайда кылуучу күйүүчү газдар жана оңой от алуучу суюктуктардын буулары бөлүнүп чыгуучу жайларда жайгашкан зоналар; 2-класс - күйүүчү газдардын же оңой от алуучу суюктуктардын бууларынын аба менен жарылууга коркунучтуу аралашмалары жабдуулар нормалдуу иштеген режимде пайда болбоочу, бирок технологиялык жабдуу аварияга учураганда же оң болбогондо гана пайда болуучу жайларда жайгашкан зоналар; 3-класс - күйүүчү чаңдын аба менен болгон жарылууга коркунучтуу аралашмасынын төмөнкү концентрациядагы жалындоо чеги абанын көлөмүнө 65 г/куб.м аз болгон жана дайыма бар болуучу зоналар; 4-класс - жабдуулар нормалдуу иштеген режимде абада тең салмак абалга өтүүчү жана 65 г/куб.м жана андан аз концентрацияда аба менен жарылууга коркунучтуу аралашмаларды түзүүгө жөндөмдүү күйүүчү чаңдар же булалар бөлүнүп чыгуучу жайларда жайгашкан зоналар; 5-класс - жабдуулар нормалдуу иштеген режимде 65 г/куб.м жана андан аз концентрацияда аба менен күйүүчү чаңдардын же булалардын жарылууга коркунучтуу аралашмалары түзүлбөйт, бирок күйүүчү чаңдардын же булалардын жарылуу коркунучу бар мындай аралашмаларынын технологиялык жабдуунун аварияга учурашынын же оң эместигинин гана натыйжасында түзүлүшү мүмкүн болуучу жайларда жайгашкан зоналар.
2. Жарылуу коркунучу бар зоналардын классификациялык көрсөткүчтөрүн аныктоо атайын техникалык регламент менен белгиленет.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-14" title="14-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>