# 13-берене. Өрт коркунучу бар зоналарды классификациялоо

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 13-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-13

---

1. Өрт коркунучу бар зоналар төмөнкүдөй класстарга бөлүнөт:

П-I - дүрт этүү температурасы 61 Цельсия градусуна жана андан жогору болгон күйүүчү суюктуктар бар жайларда жайгашкан зоналар; П-II - төмөнкү концентрациядагы жалындоо чеги абанын көлөмүнө 65 г/куб.м ден көп болгон күйүүчү чан же була бөлүнүп чыгуучу жайларда жайгашкан зоналар; П-IIа - күйүүчү катуу заттар бар жайларда жайгашкан зоналар; П-III - дүрт этүү температурасы 61 Цельсия градусунан жана андан жогору болгон күйүүчү суюктуктар же күйүүчү катуу заттар бар жайлардын (курулмалардын) сыртында жайгашкан зоналар.

2. Өрт коркунучу бар зоналардын классификациялык көрсөткүчтөрүн аныктоо тиешелүү эрежелер менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-14)
