# 12-берене. Технологиялык чөйрөлөрдү жарылуу-өрт коркунучу боюнча классификациялоо

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 12-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-12

---

1. Технологиялык чөйрөлөр жарылуу-өрт коркунучу боюнча төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:

- өрт коркунучу бар;

- жарылуу-өрт коркунучу бар;

- жарылуу коркунучу бар;

- өрт коопсуздугу жок.

2. Эгерде күйүүчү чөйрөнүн түзүлүшү, ошондой эле өрттүн чыгышы үчүн жетишээрлик кубаттуулуктагы тутануу булагынын пайда болушу мүмкүн болсо, чөйрө өрт коркунучу бар чөйрөгө кирет.

3. Эгерде кычкылдандыргычтын күйүүчү газдар, буулар, чаңдар жана аэрозолдор менен түзүлүп, тутануу булагынын пайда болушу жарылууга жана (же) өрткө алып келүүчү аралашмаларынын пайда болушу мүмкүн болсо, өрт жарылуу-коркунучу бар чөйрөгө кирет.

4. Эгерде абанын күйүүчү газдар, буулар, оңой от алуучу суюктуктар жана күйүүчү суюктуктар, күйүүчү аэрозолдор, чаңдар жана булалар менен аралашмасынын пайда болушу мүмкүн болгон, эгер күйүүчү заттар менен болгон белгилүү концентрациясында жана жардыруу булагы (тутануу булагы) пайда болгондо жарылууга жөндөмдүү чөйрө жарылуу коркунучу бар чөйрөгө кирет.

5. Күйүүчү чөйрөсү жана кычкылдандыргыч жок мейкиндик өрт коркунучу жок чөйрөгө кирет.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-13)
