# 110-берене. Шайкештигин ырастоо

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-110>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-110.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 110-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-110

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында коргоо объекттеринин өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин ырастоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ыктыярдуу же милдеттүү түрдө жүзөгө ашырылат.

2. Өрт коркунучу бар продукция, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу системалары жана каражаттары, имараттар менен курулмалардын конструкциялык жана көлөмдүк-пландык чечилиштери, өрт техникасы, жабдуулар жана өрт-техникалык куралдар өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигине милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш, буларга коюлуучу талаптар ушул Техникалык регламент жана башка атайын техникалык регламенттер менен белгиленет.

Кыргыз Республикасынын аймагында ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн коргоо объекттеринин өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин ырастоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыктыярдуу түрдө жүзөгө ашрылат.

3. Шайкештикти ырастоо жүргүзүү эрежелери продукциянын конкреттүү тобу үчүн тийиштүү техникалык регламенттерге ылайык аныкталат.

---

Мурунку берене: [109-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-109)  
Кийинки берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-111)
