110-берене. Шайкештигин ырастоо
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 30-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
1. Кыргыз Республикасынын аймагында коргоо объекттеринин өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин ырастоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ыктыярдуу же милдеттүү түрдө жүзөгө ашырылат.
2. Өрт коркунучу бар продукция, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу системалары жана каражаттары, имараттар менен курулмалардын конструкциялык жана көлөмдүк-пландык чечилиштери, өрт техникасы, жабдуулар жана өрт-техникалык куралдар өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигине милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш, буларга коюлуучу талаптар ушул Техникалык регламент жана башка атайын техникалык регламенттер менен белгиленет.
Кыргыз Республикасынын аймагында ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн коргоо объекттеринин өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин ырастоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыктыярдуу түрдө жүзөгө ашрылат.
3. Шайкештикти ырастоо жүргүзүү эрежелери продукциянын конкреттүү тобу үчүн тийиштүү техникалык регламенттерге ылайык аныкталат.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
110-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-110" title="110-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>