# 109-берене. Өрт коопсуздугунун талаптарынын сакталышына өндүрүштүк контролдоо

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-109.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 109-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-109

---

1. Продукцияны өндүрүү, сактоо, ташуу жана сатып өткөрүү, жумуш аткаруу жана кызмат көрсөтүү процесстеринде техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын өндүрүштүк контролдоо жеке ишкерлер жана уюмдардагы жооптуу адамдар тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылууга тийиш.

2. Коргоо объекттеринде өндүрүштүк контролдоо төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылууга тийиш:

- өрт коопсуздугунун абалын баалоо;

- өрттөн коргоо системаларынын, жабдууларынын жана инвентарларынын иштешин аныктоо;

- продукциянын, жумуш аткаруунун жана кызмат көрсөтүүнүн, аларды өндүрүү процесстеринин өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин камсыз кылуу;

- өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо;

- Мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн органдарынын жазма буйруктарында каралган иш-чаралардын аткарылышын контролдоо.

3. Өндүрүштүк контролдоо төмөнкүлөрдүн аткарылышы каралган программа боюнча жүргүзүлөт:

- уюмдарда алардын ишмердигин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл техникалык регламенттердин расмий басып чыгарылган жана актуалдаштырылган версияларынын болушун;

- зарыл сыноолорду (лабораториялык изилдөөлөрдү) жүргүзүүнү;

- чийки заттардын, жарым фабрикаттардын, даяр продукциянын, өндүрүү, сактоо, ташуу, сатып өткөрүү жана утилдештирүү процесстеринин технологиялык регламенттин жана (же) өрт коопсуздугунун талаптарына шайкеш келүүсүн;

- шайкештигин баалоонун тийиштүү формаларынын (продукциянын катталгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн, сыноонун протоколдорунун, өрт коопсуздугуна шайкештик декларацияларынын, сертификаттарынын жана белгилүү продукция үчүн аныкталган шайкештик тууралуу күбөлүктөрдүн) натыйжалары боюнча зарыл документтердин болушун контролдоо;

- кызмат адамдарына жана жумушчуларга өрт коопсуздугунун чараларын үйрөтүүнү уюштуруу жана алардын белгиленген талаптарга жооп беришин аттестациялоо;

- эвакуация боюнча, айрыкча мектепке чейинки жана мектеп мекемелеринде, ооруканаларда, администрациялык жана коомдук ири имараттарда окуу тревогаларын жүргүзүү;

- өрт коопсуздугун камсыз кылуу жаатында Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык эсеп жүргүзүүнү жана отчеттуулукту.

4. Өндүрүштүк контролду жүргүзүүчү адамдар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык анын өз убагында жүргүзүлүшү, толуктугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчиликтүү болот.

---

Мурунку берене: [108-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-108)  
Кийинки берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-110)
