# 104-берене. Электр-техникалык продукциянын өрт коопсуздугуна коюлуучу талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-104>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-104.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 104-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-104

---

Электр-техникалык продукция тутандыруу булагы болбоого жана күйүүнүн чегинен сырткары таралуусун болтурбоого тийиш. Электр-техникалык продукция үчүн өрт коопсуздугунун талаптары алардын конструкциялык өзгөчөлүктөрүнө жана колдонуу жаатына жараша тийиштүү атайын техникалык регламенттерде белгиленет. Электр-техникалык продукцияда колдонулган конструкциялык элементтер жалындын, ысыган элементтердин, электр жааларынын, кошуучу бириктирүүлөрдөгү жана ток өткөрүүчү көпүрөчөлөрдөгү ысуунун таасирине туруктуу болууга тийиш (трекинг туруктуулук). Электр-техникалык продукция авариялык иштөө режиминде (чукул туташуу, ашыкча күч келүү) күйүүнүн келип чыгышына жана таралышына бөгөт коюууга тийиш. Электр-техникалык продукциянын кабыгынын күйүүнүн кабыктын чегинен тышкары таралышынан корголуу деңгээли продукциянын колдонуу чөйрөсү менен аныкталат. Коргоо аппараттары авариялык иштөө режими келип чыккан учурда күйүү пайда болгонго чейин электр тизмегинин участкасын электр энергиясынын булагынан ажыратууга тийиш. Электр-техникалык продукциянын белгилүү түрлөрүнө өрт коопсуздугунун талаптары ошол продукция үчүн тийиштүү техникалык регламенттер менен белгиленет.

---

Мурунку берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-103)  
Кийинки берене: [105-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-105)
