104-берене. Электр-техникалык продукциянын өрт коопсуздугуна коюлуучу талаптар
Күчүн жоготкон · 07.06.2016 редакциясы · 29-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 7 июня 2016 года № 78.
Электр-техникалык продукция тутандыруу булагы болбоого жана күйүүнүн чегинен сырткары таралуусун болтурбоого тийиш. Электр-техникалык продукция үчүн өрт коопсуздугунун талаптары алардын конструкциялык өзгөчөлүктөрүнө жана колдонуу жаатына жараша тийиштүү атайын техникалык регламенттерде белгиленет. Электр-техникалык продукцияда колдонулган конструкциялык элементтер жалындын, ысыган элементтердин, электр жааларынын, кошуучу бириктирүүлөрдөгү жана ток өткөрүүчү көпүрөчөлөрдөгү ысуунун таасирине туруктуу болууга тийиш (трекинг туруктуулук). Электр-техникалык продукция авариялык иштөө режиминде (чукул туташуу, ашыкча күч келүү) күйүүнүн келип чыгышына жана таралышына бөгөт коюууга тийиш. Электр-техникалык продукциянын кабыгынын күйүүнүн кабыктын чегинен тышкары таралышынан корголуу деңгээли продукциянын колдонуу чөйрөсү менен аныкталат. Коргоо аппараттары авариялык иштөө режими келип чыккан учурда күйүү пайда болгонго чейин электр тизмегинин участкасын электр энергиясынын булагынан ажыратууга тийиш. Электр-техникалык продукциянын белгилүү түрлөрүнө өрт коопсуздугунун талаптары ошол продукция үчүн тийиштүү техникалык регламенттер менен белгиленет.
Берененин тексти 07.06.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
104-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203382/st-104" title="104-берене - Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>