# 102-берене. Лифттердин өрт коопсуздугуна коюлуучу талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-102>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-102.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 102-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-102

---

Автоматтык эшиктери бар жана кыймылынын ылдамдыгы 1 м/сек жана андан көп болгон жүргүнчү лифттеринин имараттын автоматтык өрт сигналдар системасынан келген сигнал боюнча өрт коркунучун билдирип, ишке кирүүчү жана кабинанын ичиндеги жүккө жана кыймылдын багытына карабастан, анын негизги түшүү аянтчасына кайтып барып, кабинанын жана шахтанын эшиктерин ачуучу жана ачык бойдон кармап турууну камсыз кылуучу иш режими болууга тийиш. Лифт шахталарындагы эшиктердин өрткө каршылыгы 2 типтен төмөн болбоого тийиш. Лифт жабдууларына, түзүлүштөрүнө, отко туруктуулугуна, материалдарына, ошондой эле башкаруу, сигналдар, байланыш жана энергия менен жабдуу системаларына коюлуучу талаптар тийиштүү атайын техникалык регламенттердин талаптарына жооп берүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-101)  
Кийинки берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-103)
