# 101-берене. Таштанды чыгаруу системаларынын конструкцияларынын жана жабдууларынын өрт коопсуздугуна коюлуучу талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 101-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-101

---

Таштанды чыгаруу системаларынын найлары күйбөй турган материалдардан жасалууга жана талап кылынган отко туруктуулук жана түтүн-газдын өтүшүнө каршылык көрсөтүү чектерин камсыз кылууга тийиш. Таштанды чыгаруу системасынын найларынын конструкцияларынын курамына жарылуу менен бузулууга жөндөмдүү материалдарды пайдаланууга жол берилбейт. Таштанды чыгаруучу найлардын жүктөөчү клапандары күйбөөчү материалдардан жасалууга жана түтүн-газдын өтүшүнө каршылык көрсөтүүнүн зарыл болгон минималдык маанилерин камсыз кылууга тийиш. Таштанды чыгаруучу найлардын таштанды жыйналуучу камераларга орнотулуучу тосмолору өрт болгон учурда өзү жабылуучу иштеткич менен жабдылууга тийиш. Мындай тосмолордун талап кылынган отко туруктуулук чектери таштанды чыгаруучу найлар үчүн белгилегенден кем болбоого тийиш.

---

Мурунку берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-100)  
Кийинки берене: [102-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-102)
