# 1-берене. Ушул Техникалык регламентти колдонуунун максаттары жана чөйрөсү

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент](https://aqlex.ai/kg/doc/203382)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 26-июлундагы № 142 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 142
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.06.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 7 июня 2016 года № 78 "Об обеспечении пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4420/edition/719419/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203382/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламент, 1-берене (07.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-1

---

1. Ушул Техникалык регламент жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү өрттөн сактоого багытталган, өрт коопсуздугу жаатында техникалык жөнгө салуунун негизги жоболорун аныктайт жана продукцияларга, коргоо объекттерине, анын ичинде имараттар менен курулмаларга, өндүрүш объекттерине, өрт-техникалык продукцияларына жана жалпы арналыштагы продукцияларга болгон өрт коопсуздугунун жалпы жоболорун белгилейт.

2. Коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ушул Техникалык регламенттин жоболору төмөнкүдөй учурларда милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш:

курулуш объекттерин долбоорлоодо, курууда, профилин кайра өзгөртүүдө, кайра пландаштырууда же реконструкциялоодо, капиталдык оңдоодо, коргоо объекттерин техникалык кайра жабдууда, техникалык тейлөөдө, эксплуатациялоодо жана утилдештирүүдө; өрт коопсуздугунун талаптарын камтыган атайын техникалык регламенттерди иштеп чыгууда, кабыл алууда, колдонууда жана аткарууда, коргоо объекттерине техникалык документтерди иштеп чыгууда.

3. Атайын арналыштагы коргоо объекттерине, анын ичинде аскердик арналыштагы объекттерге, радиоактивдүү жана жарылуучу заттар менен материалдарды өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо объекттерине, куралдарды жана жардыруучу каражаттарды жок кылуу жана өндүрүү, тоо-кен иштетүү, токой объекттерине ушул Техникалык регламент менен катар Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен белгиленген өрт коопсуздугунун талаптары да кошумча сакталууга тийиш.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203382/st-2)
