# КРнын 2011-жылдын 26-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 26-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203381>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4419/edition/858651/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203381.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КРнын 2011-жылдын 26-июлундагы № 141 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (05.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203381

---

КР 2021-жылдын 5-майындагы N 60 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 26-июлу № 141 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР 2017-жылдын 24-январындагы N 10 Мыйзамынын, КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексинин редакциясына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203381/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 9, 640-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 20-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"- уюшкан кылмыштуу топтордо, кылмыштуу шериктиктерде (кылмыштуу уюмдарда), куралдуу топтордо (бандаларда) тургандарга;".

2. 21-беренеде:

3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Администрациялык көзөмөл - Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу таасир берүүнүн жекече-алдын алуу чарасы."; 4-бөлүктөгү "министрлигинин" деген сөз "органынын" деген сөз менен алмаштырылсын.

3. 22-берененин 3-бөлүгүндөгү "жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ведомстволук ченемдик актылары менен" деген сөздөр алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203381/st-2)

(КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203381/st-3)

(КР 2017-жылдын 24-январындагы N 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203381/st-4)

(КР 2017-жылдын 24-январындагы N 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203381/st-5)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р. Отунбаева
