# 2-берене

- Документ: ["Лейлек" эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203379)
- Толук аталышы: КРнын 2011-жылдын 26-июлундагы № 139 ""Лейлек" эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 139
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203379/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4417/edition/454598/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203379/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Лейлек" эркин экономикалык зонасын түзүү жөнүндө, 2-берене (26.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203379/st-2

---

"Лейлек" ЭЭЗдин төмөндөгүдөй негизги милдеттери аныкталсын:

- туризмдин заманбап индустриясын түзүү жана өнүктүрүү үчүн тике инвестицияларды, алдыңкы техниканы жана технологияларды, чет өлкөлүк башкаруу тажрыйбасын тартууга көмөктөшүүчү ыңгайлуу экономикалык шарттарды түзүү;

- "Лейлек" ЭЭЗдин аймагына шаар куруунун өнүгүүсүн тездетүү, ошондой эле "Лейлек" ЭЭЗдин иши үчүн зарыл заманбап инженердик-транспорттук, телекоммуникациялык, өндүрүштүк жана социалдык инфраструктураларды түзүү;

- региондун экспорттук потенциалын жогорулатуу, товар жүгүртүүнү көбөйтүү, региондук экономиканы, инфраструктураны, региондук кластерди атаандаш өнүктүрүү;

- мамлекеттин геосаясий кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу жана өлкөнүн мамлекеттик чек арасын сактоо жана бекемдөө;

- жергиликтүү калкты кармап калуу, жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу, жумуш орду менен камсыздоо, чекарага жакын аймактарда калкты көбөйтүү;

- кошумча жумуш орундарын түзүү;

- заманбап сервистик технологияларды түзүү.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203379/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203379/st-3)
